Издөөдө жүргөн Баткендин тургуну кармалды
Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы тургуну 2021-жылдын май айынан бери, издөөдө жүргөн. Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Адам сатуу» операциясынын негизинде, 2022-жылдын июнь айынын аяктарында Бишкек шаарынын аймагынан жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт